Загрузка документа…
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 26-июну №82
Миң-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндөгү
Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин этика, регламент жана мандат маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.К. Саркулов тарабынан берилген «Миң-Булак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» маалыматын угуп, талкуулап чыгып, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин 2024-жылдын 2-сентябрындагы №79 токтому менен бекитилген “Миң-Булак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 5-бөлүм төмөнкүдөй 6-пункт менен толукталсын:
-6-пункт: «Миң-Булак айыл аймагынын Ардактуу атуулу” ардактуу наамы расмий түрдө жыл сайын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүндө – 31-августта, Миң-Булак айыл аймагынын салтанаттуу майрамдык иш-чарасында тапшырылат»
2) 2-бөлүмдүн 9-пунктундагы «жылына үчтөн көп эмес талапкерге берилет» деген сөздөр төмөнкүдөй алмаштырылсын:
«Айыл аймактагы ар бир айылдан жылына 1 талапкерден көп эмес, Александровка жана Садовое айылдарынан – 2 талапкерден көп эмес».
3) 4-бөлүм төмөнкүдөй 11-пункт менен толукталсын:
«Медаль, лента жана күбөлүк жасоо менен байланышкан чыгымдар Миң-Булак айыл өкмөтү тарабынан каржыланат»
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык Кеңештин этика, регламент жана мандат маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Булазова Г.Т. |