Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 20-майы №64
Сретенка айылынын №701 контурундагы жалпы аянты 1500,0 м² болгон мурдагы уулуу химикаттар жана жер семирткичтер сакталган кампанын айланасындагы аймакты рекультивациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук тармагындагы мамлекеттик жөнгө салуу департаментинин 2025-жылдын 18-мартындагы №01-4/266 саны менен келген катынын негизинде, 2025-жылдын 19-майында өткөн агрардык-жер маселелери, сугат суу, жайыт жана мал чарба боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Р.Б. Аматов тарабынан берилген маалымат угулуп, талкууланган соң, Миң-Булак айыл аймагынын Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сретенка айылынын, №701 контурунда жайгашкан, жалпы аянты 1500,0 м² болгон мурдагы уулуу химикаттар жана жер семирткичтер кампасынын тегерегиндеги булганган топуракты утилдештирүүгө жана таза топуракты рекультивациялоо жерине жеткирүү үчн Миң-Булак айыл өкмөтүнө макулдук берилсин.
2. Миң-Булак айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, рекультивация иштери жүргүзүлүп жаткан учурда элге маалымат берсин жана иштерди жүргүзүүгө көмөк көрсөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Миң-Булак айылдык Кенешинин агрардык-жер маселелери, сугат суу, жайыт жана мал чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Шамуза С.Х. менен Миң-Булак айыл өкмөт башчысы Д.М. Акназаровко жүктөлсүн.
Төрайым |
| Асадова А.К. |