Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 20-майы №65
Сретенка айылынын Первомайский көчөсү №36 дарегиндеги жер тилкесинин максаттык багытын маданий-тиричилик (мончо-кир жууучу комплекс) багытынан жеке үй-жайга тиешелүү багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-беренесине ылайык, 2025-жылдын 17-апрелинде №1122500788-2025 саны менен берилген Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Москва райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын шаар куруу корутундусунун негизинде, ошондой эле 2025-жылдын 19-майындагы турак жай курулушу, муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлк жана жер тилкелерин берүү жана сатуу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Р.Б Аматов тарабынан берилген маалыматты угуп жана талкуулап чыгып, Миң-Булак айылдык аймагынын Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сретенка айылынын Первомайский көчөсү №36 дарегиндеги, жалпы аянты 2400,0 м2, жер тилкесинин максаттык багытын маданий-тиричилик (мончо-кир жуу комплекси) багытынан жеке үй-жайга тиешелүү багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин. (жер тилкесине болгон жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актысы Ч №183454, менчик ээси - Исмаилов Талайбек Мусадинович)
2. Миң-Булак айыл өкмөтү жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө байланыштуу жер-кадастрдык документтерге (Сретенка айылынын башкы планына) өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Миң-Булак айылдык Кенешинин турак жай курулушу, муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлк жана жер тилкелерин берүү жана сатуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Асадова А.К. |