Загрузка документа…
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 26-июнундагы №83
“Ынтымак” бала бакчасы” мекемесин түзүү жөнүндө,,
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.М.Акназаровдун “Ынтымак” бала бакчасы” мекемесин түзүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 18, 22, 27-беренелерине, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Москва району, Александровка айылы, Я.Шиваза №24а/1 дарегинде “Ынтымак” бала бакчасы” мекемеси түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы толук каттоо иштерин жүргүзсүн.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык Кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Ю.Давузовага жүктөлсүн.
Төрайым |
| Булазова Г.Т |