Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 20-майы №66
Сретенка айылынын Комсомольская көчөсү №1 дарегинде жайгашкан айыл чарба багытындагы эмес жер тилкесинин максаттык багытын жеке үй-жайга тиешелүү багытына өзгөртүүгө макулдук берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-беренесине ылайык, 2025-жылдын 14-апрелиндеги №1122500743-2025 саны менен берилген Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Москва райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын шаар куруу корутундусунун негизинде, ошондой эле 2025-жылдын 19-майындагы турак жай курулушу, муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлк жана жер тилкелерин берүү жана сатуу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Аматова Р.Б. тарабынан берилген маалымат угулуп, талкуулангандан кийин, Миң-Булак айыл аймагынын Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сретенка айылынын Комсомольская көчөсү №1 дарегиндеги жалпы аянты 1440 м2 айыл чарба багытындагы эмес жер тилкесинин багытын жеке үй-жайга тиешелүү багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин. (Жер тилкесине жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт Ч №506532, менчик ээси — Акаева Сайнап)
2. Миң-Булак айыл өкмөтү тиешелүү өзгөртүүлөрдү жер-кадастрдык документтерге (Сретенка айылынын башкы планына) киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңештин турак жай курулушу, муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлк жана жер тилкелерин берүү жана сатуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Асадова А.К. |