Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 20-майы №67
Садовое айылы, Совет көчөсү №367 дарегинде жайгашкан жер участогунун багытын үй-жай куруу үчүн бөлүнгөн жерден эс алуу аймагына өзгөртүүгө макулдук берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Архитектура жана шаар куруу департаментинин Москва району боюнча башкармалыгы тарабынан берилген шаар куруу корутундусунун негизинде (№1122500684-2025, 2025-жылдын 8-апрели), Кеңештин турак жай курулушу, муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлк объекттерин, жер участокторун берүү жана сатуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-майындагы корутундусуна ылайык, Мин-Булак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Р.Б.Аматовдун маалыматы угулуп жана талкууланып чыгып, Мин-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Садовое айылынын Советская көчөсү №367, жалпы аянты 2960,0 м², үй-жай куруу үчүн берилген жер тилкесинин багытын эс алуу аймагына өзгөртүүгө макулдук берилсин. (Жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик Акт Ч №1270506, белек берүү келишиминин негизинде Шарипов Кыялбек Жумабековичке таандык)
2. Мин-Булак айыл өкмөтүнө жер-кадастрдык документтерге (Садовое айылынын башкы планына) тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңештин турак жай курулушу, муниципалдык менчиктеги жер участокторун берүү жана сатуу боюнча туруктуу комиссиясына жана Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.М.Акназаровко жүктөлсүн.
Төрайым |
| Асадова А.К. |