Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 20-майы №68
«Таза Булак» муниципалдык ишканасынын отчёту тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, «Таза Булак» муниципалдык ишканасынын (мындан ары – МИ) директору Шамуза Рашид Мухамеевичтин 2025-жылдын төрт (4) айы ичинде жүргүзүлгөн ишмердүүлүгү боюнча отчету угулуп, талкууланып чыгып, Мин-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Таза Булак» муниципалдык ишканасынын директору Шамуза Рашид Мухамеевичтин 2025-жылдын төрт (4) айы ичинде жүргүзүлгөн ишмердүүлүгү боюнча отчёту канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. «Таза Булак» муниципалдык ишканасынын директору Шамуза Рашид Мухамеевичке 2025-жылдын төрт (4) айы үчүн жүргүзүлгөн иш боюнча жаңы, тиешелүү отчётту кийинки Кеңеш сессиясына даярдап келүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.М Акназаровко жүктөлсүн.
Төрайым |
| Асадова А.К. |