Загрузка документа…
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 20-майы № 69
«Таза Булак» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына, ошондой эле 2000-жылдын 13-январындагы №3 «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Кенештин 2025-жылдын 9-апрелиндеги №15 тескемесинин негизинде түзүлгөн муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн баалоо боюнча убактылуу комиссиянын (2025-жылдын 20-майындагы чечими) чечиминин негизинде, «Таза Булак» муниципалдык ишканасынын директору Шамуза Р.М. тарабынан берилген 2025-жылдын төрт (4) айлык ишмердүүлүк отчёту угулуп жана талкууланып чыгып, Мин-Булак айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.М. Акназаровко сунушталсын:
1) 2025-жылдын төрт (4) айына карата муниципалдык ишкананын финансылык-экономикалык ишмердүүлүгүн текшерүүнү жүргүзсүн;
2) Текшерүү жүргүзүлгөн учурда, «Таза Булак» муниципалдык ишканасынын директору Шамуза Рашид Мухамеевичти жана МИнин бухгалтерин кызматтык милдеттерин аткаруудан убактылуу четтетсин.
2. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жазуу түрүндө маалыматын Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешине сунуштасын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү өзүмө калтырам.
Төрайым |
| Асадова А.К. |