Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-июнундагы №2
Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүндө үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тарипке келтирүү жөнүндө Типтүү жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” № 54 Жарлыгына ылайык Бүргөндү –Достук айылдык кешинин I чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы маселени күн тартибинде карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 18-июнундагы 01-18-395 сандуу үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тарипке келтирүү жөнүндө Типтүү жобону бекитүү жөнүндөгү каты эске алынсын
2. Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүндө үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тарипке келтирүү жөнүндө Типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | Н.Мадалиев |