Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-июнундагы №3
2022-жылдын 22-сентябрындагы № 6 токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 50-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген убактылуу жобону жетекчилике алып Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XIX сесиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турак үйдү тейлөө жана жеке менчик көмөк чарба жүргүзүү үчүн жер тилкесин трансформациялоо боюнча Б.Абдулла уулунун маалыматы эске алынсын.
2. Мурдагы Достук айылдык кеңеши тарабынан 2022-жылдын 22-сентябрында чыгарылган № 6 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-Шамалды-Сай айылынын Адыр-3 участогунун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жайыт жерден 132.0 га жер аянты “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынан, Министрлер Кабинетинен суралсын.
3. Токтомду аткаруу айыл өкмөт башчысы Б.К.Календеровго милдеттендирилсин.
4.Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | Н.Мадалиев |