Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-июнундагы №1
Бүргөндү-Достук айыл аймагынын 2025-жылдын бюджетине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамына ылайык Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы күн тартибинде меселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Абдышовдун айыл
өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин өзгөртүүлөөрдү киргизүү жөнүндө берген маалыматы эске алынсын.
2. Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 3-кварталына киреше чыгашасына 1-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык-экономикалык абалды талдап, калкты таза суу менен камсыздоо жана Шамалды-Сай айылынын Адыр-1 көчөсүнө кеткен жолду калыбына келтирүү боюнча долбоордук-сметалык документтерин даярдап, турмушка ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Календеровго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн иштерди аткаруу үчүн акча каражатын жыл ичинде үнөмдөлгөн же кошумча кирешеден түшкөн акча каражаттарга аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Мадалиев |