Загрузка документа…
Расмий эмес котормо
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-майындагы № 373 токтому менен бекитилген
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Фундаменталдык изилдөөлөр жаатында мамлекеттер аралык мамилелерди координациялоо жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаары
Мындан ары Тараптар деп аталуучу, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өкмөттөрү,
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын 2007-жылдын 5-октябрындагы кеңешинин чечими менен жактырылган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин мындан ары өнүктүрүү концепциясынын жоболорун жетекчиликке алып,
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттеринин 2011-жылдын 19-майындагы Фундаменталдык изилдөөлөр жаатындагы кызматташуу боюнча кеңешти түзүү жөнүндө макулдашууну эске алып,
КМШга катышкан мамлекеттеринин илимий-техникалык кызматташуусун өнүктүрүүдөгү фундаменталдык изилдөөлөрдүн чөйрөсүнүн маанилүү ролун эске алып,
КМШга катышкан мамлекеттердин жалпы илимий мейкиндигин өнүктүрүүнү жана чыңдоону каалап,
илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө, илимий кадрларды колдоого, фундаменталдык изилдөөлөрдү жүргүзгөн илимий уюмдардын материалдык-техникалык базасын модернизациялоого болгон өз ара кызыкчылыкты эске алуу менен,
КМШга катышкан мамлекеттердин экономикалык дараметин өнүктүрүү үчүн фундаменталдык изилдөөлөр жаатындагы Тараптардын ишин координациялоонун зарылдыгын жана артыкчылыктарын түшүнүп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Тараптар фундаменталдык изилдөөлөр жаатында, бирдиктүү (макулдашылган) артыкчылыктар системасын жана программалардын экспертизасын, биргелешкен фундаменталдык изилдөөлөрдүн долбоорлорун түзүү, фундаменталдык илим жаатындагы кызматташуунун ченемдик укуктук базасын шайкештөө боюнча өз аракеттерин ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин мыйзамдарын жана эл аралык келишимдерин сактоо менен координациялашат, ошондой эле бул жааттагы өз ара аракеттенүүнүн бирдиктүү ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча башка чараларды көрүшөт.
2-берене
Тараптар илимий кызматкерлердин, ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин фундаменталдык изилдөөлөрдү жүргүзгөн уюмдарынын (мындан ары - ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин уюмдары), Тараптардын фонддорунун ортосунда үзгүлтүксүз байланыштарды ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган биргелешкен иш-аракеттерди натыйжалуу координациялоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүшөт, илимий билимдерди ар тараптуу жайылтууга жана илимдин коомдогу статусун жогорулатууга көмөктөшөт.
3-берене
Кызматташууну өнүктүрүү максатында Тараптар ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттердин уюмдарына ар тараптуу жардам көрсөтүшөт, анын ичинде төмөнкү артыкчылыктуу багыттар боюнча:
а) физика-математикалык жана химия илимдери, маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар;
б) жаңы заттар жана материалдар, анын ичинде наноматериалдар жана нанотехнологиялар;
в) Жер, жашоо жөнүндөгү илимдер, анын ичинде биологиялык, агрардык жана медициналык илимдер, биотехнологиялар жана гендик инженерия;
г) жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо; климаттын өзгөрүшүн, анын ичинде мөңгүлөрдү изилдөө;
д) энергетика, анын ичинде ядролук, альтернативдүү жана кайра калыбына келтирилүүчү; машина куруу жана прибор куруу;
е) социалдык-экономикалык жана гуманитардык илимдер;
ж) космосту изилдөө;
з) Тараптар макулдашкан фундаменталдык изилдөөлөрдүн башка артыкчылыктуу багыттары боюнча.
4-берене
Тараптар өз ара пайдалуу жана тең укуктуу негизде төмөнкү формаларда фундаменталдык изилдөөлөр жаатында кызматташуну өнүктүрүшөт: