Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 токтомуна )
|
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июну № 394 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору (мындан ары - РМСЭБ) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) медициналык-социалдык экспертизанын мамлекеттик контролдоо функцияларын жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу ведомстволук түзүмү болуп саналат.
2. РМСЭБ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. РМСЭБ практикалык эксперттик жана медициналык-социалдык ишти, ошондой эле медициналык-социалдык экспертиза мекемелерин илимий-методикалык жана окуу-методологиялык коштоону жүргүзгөн көп профилдүү эксперттик мекеме болуп эсептелет.
4. Майыптыгы бар адамдарды экспертизалоо жана реабилитациялоо маселелери боюнча РМСЭБдин корутундусун аткаруу менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, ишканалар, уюмдар үчүн милдеттүү болуп саналат.
5. РМСЭБ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өз аталышы менен мөөрү, ошондой эле башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, казыналык системасында эсептери бар юридикалык жак болуп саналат. РМСЭБдин мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат жана ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет.
6. Толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору" мекемеси";
- расмий тилде: "Учреждение "Республиканский центр медико-социальной экспертизы при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "РМСЭБ";
- расмий тилде: "РЦМСЭ".
РМСЭБдин уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
7. РМСЭБдин юридикалык дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 194.
8. РМСЭБде 27 аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссия (мындан ары - МСЭК) иштейт.
2-глава. РМСЭБдин максаттары
9. РМСЭБдин максаты медициналык-социалдык экспертизаны өз убагында жана сапаттуу камсыз кылуу, ишке жөндөмдүүлүгүн баалоо жана организмдин функцияларынын туруктуу бузулууларынан улам тиричилик аракеттеринин чектелишин баалоонун негизинде күбөлөндүрүлүүчү адамдын социалдык коргоо чараларына муктаждыгын белгиленген тартипте аныктоо болуп саналат.
3-глава. РМСЭБдин негизги милдеттери
10. РМСЭБдин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- тиричилик аракеттеринин чектелишинин түзүмүн жана даражасын белгилөө, күбөлөндүрүлүүчү адамдын реабилитациялоону кошкондо, социалдык коргоонун ар түрдүү чараларына муктаждыктарын аныктоо. Тиричилик аракеттеринин чектелиши - бул организмдин түзүмүнүн жана функцияларынын ишиндеги жеке бузулууларды жеңип, адам кабылган активдүүлүктү жүргүзүүдөгү кыйынчылыктар;
- ден соолугунун абалына ылайыктуу кесипти тандоо үчүн күбөлөндүрүлүүчү адамдын кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготуу даражасын баалоо жана майыптыгы бар конкреттүү адам үчүн жумуш ордун ылайыктоо;
- медициналык-социалдык экспертизанын сапатын өркүндөтүү.
4-глава. РМСЭБдин функциялары
11. РМСЭБ төмөнкүдөй функцияларды жүргүзөт:
1) адамдын ден соолугунун абалын гана эмес, анын психологиялык жана социалдык бейпилдигин баалап, майыптуулукту белгилөө үчүн республиканын бардык жарандарынын күбөлөндүрүүдөн өтүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылат, ошондой эле социалдык коргоонун ар түрдүү чараларына муктаждыгын белгиленген тартипте аныктайт;
2) күбөлөндүрүүдөн өткөн жана аймактык МСЭКтин чечимине макул болбогон жарандардын даттанууларын карайт, алар негиздүү деп таанылган учурда бул чечимдерди өзгөртөт же жокко чыгарат;
3) аймактык МСЭКтин чечимине даттанган же алардын жолдомосу боюнча жогорку кесипкөй адистердин консультацияларын, изилдөөнүн өзгөчө татаал атайын түрлөрүн колдонууну жана РМСЭБдин консультативдик корутундусун талап кылган учурларда жарандарды күбөлөндүрүүдөн өткөрөт;
4) өз демилгеси боюнча аймактык МСЭКте күбөлөндүрүүдөн өткөн жарандарды кайрадан күбөлөндүрүүнү (контролдоону) жүргүзөт жана жетиштүү негиздемелер болгондо алардын чечимдерин өзгөртөт же жокко чыгарат;
5) күбөлөндүрүү жүргүзүлгөн учурда:
- майыптыктын бар экендиги фактысын, майыптыктын келип чыккан себептерин, мөөнөттөрүн жана убактысын белгилейт;
- кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготуунун деңгээлин (пайыз менен) аныктайт;
- өндүрүштө бөөдө кырсыктардан жабыркагандардын жана кесиптик оорулардын медициналык, социалдык жана кесиптик реабилитациялоого, ошондой эле жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждыгын аныктайт;
6) иштин белгиленген чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт;
7) медициналык-социалдык экспертиза жаатында адистерди кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
8) аймактык МСЭКтерге методологиялык жана уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтөт, медициналык-социалдык экспертиза жана иштин белгиленген чөйрөсүндө майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бирдей колдонууну камсыз кылат;
9) медициналык-социалдык экспертизадан өткөн жарандар жөнүндө маалыматтардын электрондук базасын түзөт, майыптыгы бар адамдардын демографиялык курамына мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзөт;
10) майыптуулукка алып келген факторлорду изилдөөгө катышат жана калк арасында майыптыктын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизет;
11) Министрликке медициналык-социалдык экспертиза кызматынын практикалык ишине илимий иштеп чыгуулардын натыйжаларын, эксперттик-реабилитациялык диагностиканын жаңы технологияларын, ошондой эле РМСЭБдин алдынкы тажрыйбасын киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
12) Министрликке медициналык-социалдык экспертиза боюнча илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик заказды түзүү боюнча сунуштарды киргизет;
13) майыптыгы бар адамдардын медициналык реабилитациялоону кошкондо, комплекстүү реабилитациядан өтүүсүнө көмөк көрсөтүү жана дарылоо-профилактикалык адистештирилген жана жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
14) социалдык коргоонун аймактык органдары, саламаттык сактоо уюмдары, жумуш менен камсыз кылуу кызматтары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, медициналык-социалдык экспертиза жана майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн окуу жайлар, уюмдар менен өз ара аракеттенип иш жүргүзөт;
15) саламаттык сактоонун дарылоо-профилактикалык уюмдары үчүн РМСЭБдин иш багыттары боюнча конференцияларды, семинарларды, лекцияларды өткөрөт;
16) аймактык МСЭКтин ишин координациялайт жана контролдойт;
17) майыптыгы бар адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоого тиешелүү маселелерди Министрликтин коллегиясынын кароосуна киргизет.