Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-июну № 419
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 168 «Кыргыз Республикасынын нотариатынын бирдиктүү маалымат тутумун пайдалангандыгы үчүн акы киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын нотариатынын бирдиктүү маалымат тутумун пайдалангандыгы үчүн акы алуудан түшкөн каражаттарды пайдалануу маселелерин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, жалпысынан нотариат тутумунун туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 168 «Кыргыз Республикасынын нотариатынын бирдиктүү маалымат тутумун пайдалангандыгы үчүн акы киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– Кыргыз Республикасында нотариат ишин өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими боюнча башка иш-чараларга;».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |