Редакцияот 11.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кабыл алынган датасы

2026-жылдын 11-июну № 567-VIII

Ж.С. Жоробаевди Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызмат ордунан

мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктун, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 23-пунктун, 123-беренесинин 1-бөлүгүн жана «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

1. Жоробаев Жанибек Суюнбаевич Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызмат ордунан 2026-жылдын 11-июнунан тартып мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

 

 

Б.А. Ибрагимов