Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ XVII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 30-апрели № 17/3
Ормон-Хан айыл аймагынын жайлоого кетүүчү мал жандыктардын тарифтик өлчөмүн, айдап- себүү, оруп-жыйноо учурунда техниканын тарифин бекитүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын жайлоого кетүүчү мал жандыктардын салыгын, тарифтик өлчөмүн, айыл чарбы техникалардын тарифин бекитүү туралуу жер жерлерде өткөн элдик жыйындардын протоколдорун бекитүү тууралуу маалыматты угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Ормон-Хан айыл аймагынын айылдарында өткөрүлгөн элдик жыйындардын протоколдору бекитилсин.
2. Малдын түрүнө жараша алынуучу акы төмөндөгү тартипте бекитилсин:
1. Бодо малга 600 сом бир башка
2. кой эчкиге -100 сом бир башка
3. Айдоо- себүү, оруп-жыйуу учурунда техниканынакысы төмөндөгү тартипте бекитилсин:
1. Соко 4500сом (2600 сом +25 л май)
2. Тырмоо планировка 1500сом (700 сом +10 л май)
3. Себүү 1500сом (700 сом +10 л май),
4. Таптоо 1000сом (700 сом+5 л май)
5. Эгин чабуу 4500сом (2600 сом +25 л май)
6. Пресс 2300сом (1500сом +10 л май)
7.Чөп чабуу 2300сом (1500сом +10 л май)
8.Чым жерди буздуруу келишим баада жүргүзүлөт
4. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жана Кочкор муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Жолдошбеков |