Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ XVII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 30-апрели № 17/4
Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кенешинин токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кенешинин2025-жылдын 23-декабрындагы №13/5 “Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө” Токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Ормон-Хан 2025-жылдын 23-декабрындагы №13/5 “Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө” Токтомунун 2-пунктуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин жана төмөндөгүдөй окулсун:
-Тендик айылынын күн батыш тарабындагы, жалпы аянты 48752 чарчы метр дан кампаны муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2.Токтомду аткарууда тиешелүү ченемдик укуктук актылардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент, депутаттык этика, укук жана мыйзамдулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Жолдошбеков |