Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2026-жылдын 27-февралы №4
«Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-2030-жылдарга карата социалдык экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча иш аракеттер планын бекитүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын инфраструктурасын жана калктын жашоо денгээлин жогорулатууга жана жакшыртууга багытталган Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-2030-жылдарга карата социалдык экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча иш аракеттер планы менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 34-беренесинин 3-пунктарына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-2030-жылдарга карата социалдык экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча иш аракеттер планы бекитилсин.
2. Программага киргизилген иштерди өз убагында аткарууда айыл аймагынын кызматкерлери менен айылдык кенештин тиешелүүлүгүнө карата туруктуу комиссиялары тыгыз байланышта иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Кутбидин уулу Бектемирге милдеттендирилсин.
Төрага | М.М. Козубаев |