Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 29-майы № 4/3
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Нарын облусунун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна жазылган долбоорду колдоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Терек-Суу айылындагы А.Чортеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин электр жабдыктарын алмаштырууга долбоордун сметасынын жалпы баасы 3 212 068 (үч миллион эки жүз он эки миң алтымыш сегиз) сом.
2. Өздүк салым үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы жана тиешелуүү иш кагаздары менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | К.Жакыпакун уулу |