Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ III СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 23-апрели № 3/1
Эл депутаттарынын Коңорчок айылдык кеңешинин Президиумунун 27-декабрь 1991-жылдагы № 35 токтомуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл депутаттарынын Коңорчок айылдык кеңешинин Президиумунун 27-декабрь 1991-жылдагы №35 токтомуна дыйкан чарбасына ѳткѳрүү жѳнүндѳгү жана Ак-Талаа райондук мамлекеттик архивинин 12.02.2026-жылдагы №01-76/28/9 сандуу кѳчүрмѳсүндѳ кѳрсѳтүлгѳн №1703 №1704 №1705 катар номериндеги аты,атасынын атынын аталышы боюнча
· 1965-жылы туулган Искендеров Мухамбет-Азим Курманкожоевич–Искендеров М деп
· 1989-жылы туулган Искендерова Айжан Мухамбетазимовна-Искендерова А деп
· 1991-жылы туулган Мухамбет-Азим уулу Айбек-Искендеров А деп
аттары толук жазылбай туура эмес кѳрсѳтүлгѳн, атасынын аты,ѳзүнүн атына деген сѳздѳргѳ толуктоо киргизилип толукталсын.
2. Эл депутаттарынын Коңорчок айылдык кеңешинин Президиумунун 27-декабрь 1991-жылдагы №35 токтомуна дыйкан чарба мүчѳлѳрүнүн атасынын атынын жана ѳзүнүн атынын аталышына ѳзгѳртүү толуктоо киргизилип толукталсын.
3. Токтомдун аткаруу ѳзгѳртүү киргизүү жагын Ала-Буга айылдык кеңешинин катчысы Р.Абдыразаковго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Бактыбай уулу Кубанычбек |