Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ III СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 23-апрели № 3/3
Ала-Буга айыл аймагында СS-FOR долбоорунун алкагында климаттын ѳзгѳрүүсүнүн шартында мал чарбасын ѳнүктүрүү программасы жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү малекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жѳнүндѳ” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнүн жана Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомдоруна,анын ичинде 2025-жылдын 30-майындагы №301 токтомуна,ошондой эле БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан СS-FOR долбоорунун алкагында климаттын ѳзгѳрүүсүнѳ адаптациялоо жана мал чарбасын туруктуу ѳнүктүрүү максатында Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Буга айыл аймагында СS-FOR долбоорунун алкагында климаттын ѳзгѳрүүсүнүн шартында мал чарбасын ѳнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин(тиркеме тиркелет).
2.Программаны ишке ашырууну кординациялоо Ала-Буга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.
3.Токтом каттодон ѳткѳрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областык юстиция башкармалыгына жүктѳлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын бюджет,экономика,айыл чарбасы,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Бактыбай уулу Кубанычбек |
“БЕКИТИЛГЕН”
Ала-Буга айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясында
“______”_____________2026-жыл ________________________
Долбоор
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНДА
CS-FOR ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮНҮН ШАРТЫНДА
МАЛ ЧАРБАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ
Ак-Талаа району, Нарын облусу
2026–2030-жылдар
I. Программанын концепциясы жана стратегиялык мааниси
Ала-Буга айыл аймагы 4 айылдан турат. Жалпы калктын саны 7628 адам, ал эми 1505 үй чарба бар.
№ | Айылдардын аталышы | Калктын саны (адам) | Үй чарбалардын саны |
1 | Кош-Дөбө | 3840 | 740 |
2 | Жерге-Тал | 489 | 110 |
3 | Чолок-Кайың | 2031 | 397 |
4 | Конорчок | 1268 | 258 |
| Бардыгы | 7628 | 1505 |
Айыл аймактын айыл чарба багытындагы жер ресурстары 3569 га, анын ичинде:
· 2990 га — сугат айдоо жерлери
· 543 га — кайрак (сугарылбаган) айдоо жерлер
· 48га — чабындылар
Жайыт жерлердин жалпы аянты 97763 га түзөт.
Айдоо жерлердин болушу малга тоют өндүрүүнү өнүктүрүүгө жана жайыттарга болгон басымды азайтууга мүмкүнчүлүк берет.
Ала-Буга айыл аймагында мал чарбачылыгы айылдык экономиканын негизги тармагы, ошондой эле социалдык туруктуулуктун жана азык-түлүк коопсуздугунун негизги фактору болуп саналат.
Аймактагы мал чарбасы көп тармактуу мүнөзгө ээ жана төмөнкү багыттарды камтыйт:
· Сүт жана эт багытындагы ири мүйүздүү мал (ИММ)
· Эт багытындагы майда мүйүздүү мал (МММ: кой жана эчки)
· Жумуш жана эт багытында колдонулган жылкылар
Мындай көп тармактуу түзүм салттуу түрдө айыл чарбасын туруктуу кармап келген.
Бирок учурда туруктуулук төмөндөп жатат, себеби:
· малдын продуктивдүүлүгү төмөн;
· жайыттар деградацияга учурап жатат;
· климаттык өзгөрүүлөр күчөп жатат;
· системалуу селекциялык иштер жүргүзүлбөйт.
Учурдагы чарба системасы малдын санын көбөйтүүгө негизделген, бирок тукум сапатын жакшыртууга жетиштүү көңүл бурулбайт.
Бул болсо:
· өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшүнө;
· жайыттарга болгон басымдын көбөйүшүнө алып келет.
Учурдагы көйгөйлөр:
· малдын өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндүгү;
· жайыттардын деградациясы;
· туруксуз климаттык шарттар;
· системалуу асылдандыруу ишинин жоктугу.
Бул Программа мал чарбасын сапаттык жактан өзгөртүүгө багытталган жана төмөнкү багыттарды камтыйт:
· ИММдин сүт жана эт өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу;
· МММдин эттик сапаттарын жакшыртуу;
· жылкы чарбасында селекциялык иштерди өнүктүрүү;
· жайыттарга болгон басымды азайтуу;
· климаттык туруктуулукту жогорулатуу.