Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ III СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 23-апрели № 3/4
Чолок-Кайың айылынын кызыл сызык (красный линия)
картасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, Чолок-Кайың айылынын аймагындагы жерлерди туура пайдалануу, көчөлөрдүн, жолдордун жана коомдук пайдалануудагы жер тилкелеринин чектерин тактоо максатында Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чолок-Кайың айылынын калктуу конушунун кызыл сызык (красный линия) картасы бекитилсин (тиркелет).
Кызыл сызык (красный линия) төмөнкү өлчөмдөрдө бекитилсин:
- Республикалык маанидеги Баетов–Кош-Дөбө авто жолунун кызыл сызыгы – 30 (отуз) метр;
-Негизги көчөлөрдүн кызыл сызыгы – 20 (жыйырма) метр; (Акуналы Шерманбетов,Адыл Матаев) кѳчѳѳлѳрү
-Ички көчөлөрдүн кызыл сызыгы – 16 (он алты) метр; (Капар Мааметов, Кѳчѳк Мурзалиев, Артык Байсаяков, Ормоке Тоокеев, Сатарбай Шүкүров, Акмат Багышбеков) кѳчѳѳлѳрү
- Ички көчөлөрдүн кызыл сызыгы – 15 (он беш) метр; (Рыскул Дубанаев,) кѳчѳѳсү
- Ички көчөлөрдүн кызыл сызыгы- 14 (он тѳрт) ;(Жээнбеков Токтор,Токсобаева Рассыя) кѳчѳѳлѳрү
- Ички көчөлөрдүн кызыл сызыгы – 12 (он эки) метр; (Кемелдин Дубанаев,Басира Миталипова,Ракыя Эрмекова,Токтобү Исмайлова,Адыл Матаев,Жузуев Карагайчы) кѳчѳѳлѳрү
2 .Бекитилген картага ылайык көчөлөрдүн, жолдордун жана коомдук жайлардын чек аралары так сакталсын,мыйзамсыз курулуштарды болтурбоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлсүн мыйзамсыз курулуштарга жол берилбесин;
3. Жер тилкелерин бөлүп берүүдө жана курулуш иштерин жүргүзүүдө кызыл сызык талаптары милдеттүү түрдө сакталсын.
4. Ала-Буга айыл өкмөтү бул токтомдун аткарылышын камсыз кылсын тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып барсын калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
5. Бул токтомдун токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Бактыбай уулу Кубанычбек |