Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июнундагы № 408 токтомуна) «Кыргыз Республикасынын региондорун экономикалык өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу 1-глава. Тартиптин баяндалышы 1. «Кыргыз Республикасынын региондорун экономикалык өнүктүрүү» долбоорун (мындан ары – Долбоор) ишке ашыруунун ушул тартиби региондорду туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, инвестициялык активдүүлүктү жана калкты иш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жеңилдетилген кредит берүүгө жетүүнү кеңейтүүгө багытталган ишкердик субъекттерин мамлекеттик колдоонун экономикалык жана уюштуруу негиздерин жөнгө салат. 2. Ушул Тартипте колдонулган түшүнүктөр жана терминдер бюджеттик кредит берүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген чечмелөөгө ылайык колдонулууга тийиш. 3. Долбоорду каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат: 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 315 «Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген «Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасын ишке ашыруунун алкагында топтолгон каражаттардын эсебинен түзүлгөн республикалык бюджеттин каражаттары; 2) ушул Тартиптин алкагында мурда берилген бюджеттик кредиттер боюнча кайтарылуучу каражаттар. 4. Долбоордун жооптуу аткаруучулары болуп төмөнкүлөр саналат: 1) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); 2) бюджеттик кредит берүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу агент (мындан ары – ыйгарым укуктуу агент). 2-глава. Бюджеттик кредит берүүнүн максаты, милдеттери жана артыкчылыктуу секторлору 5. Долбоордун максаты региондорду туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, инвестициялык активдүүлүктү жана калкты иш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана ушул Тартиптин 7-пунктун эске алуу менен төмөнкү секторлор боюнча жеңилдетилген кредит берүүгө жетүүнү кеңейтүү үчүн ишкердик субъекттерине мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү болуп саналат: 1) туризм; 2) жеңил өнөр жай; |