Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2026-жылдын 27-февралы №5
«Каныш-Кыя айыл аймагынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүңдө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2026-жылга карата түзүлүшү боюнча айыл аймагынын каржы экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун маалыматын, бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын справкасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 27-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан топтоонун көлөмү № 1- тиркеменин негизинде 2026-жылга карата 289 398 400 (эки жүз сексен тогуз миллион үч жүз токсон сегиз миң төрт жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү № 2 тиркеменин негизинде 2026-жылга карата карата 289 398 400 (эки жүз сексен тогуз миллион үч жүз токсон сегиз миң төрт жүз) сом, анын ичинен атайын каражат салыгына 13 113 700 (он үч миллион бир жүз он үч миң жети жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Эң биринчи кезекте эмгек акыга, социалдык фондго чегерүүгө жана коммуналдык чыгымдарга, сапар чыгымдарына жумшалары белгиленсин.
4. Кыргыз Рсепубликасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык айыл аймагынын бюджетинин чыгымдарынын көлөмүнүн 1,5 % же 4 144 300 (төрт миллион бир жүз кырк төрт миң үч жүз) сом өлчөмүндө айыл аймагынын резервдик фондусу түзүлсүн.
5. Каныш-Кыя айыл аймагынын 2025-жылдан жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан калган 73 983 176,08 (жетимиш үч миллион тогуз жүз сексен үч миң бир жүз жетимиш алты миң сом сегиз тыйын) сом акча каражатын тармактарга бөлүштүрүү 3-тиркемеге ылайык жана атайын каражаттар эсебинен калган 13 997 781,79 (он үч миллион тогуз жүз токсон жети миң жети жүз сексен бир сом жетимиш тогуз тыйын) сом акча каражаты 4-тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
6. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу көлөмү 2027-жылга 327 334 700 (үч жүз жыйырма жети миң үч жүз отуз төрт миң жети жүз) сом, 2028-жылга 379 887 200 (үч жүз жетимиш тогуз миң сегиз жүз сексен жети миң эки жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
7. Айыл аймагынын каржы экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүнө бюджеттик мекеме - уюмдардын жетекчилерине белгиленген лимиттерди максаттуу пайдалануу жагы тапшырылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы экономика социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.М. Козубаев |