Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2026-жылдын 27-февралы №6
“Мектепке чейинки билим берүү уюму мекемелеринде тарбияланып жаткан аярлуу катмарга кирген балдардын тамак ашынын төмөмүнүн 50 пайызын жергиликтүү бюджеттен каржылоо жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу И.Нармырзаевдин 2026-жылдын 27-февралындагы №01-18/683 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюму мекемелеринде тарбияланып жаткан аярлуу катмарларга Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 14-беренесинин 5-пунктуна ылайык жергиликтүү бюджеттен каржылап берүү боюнча кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап, жалпы депутаттардын сунушун угуп Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1.Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-декабрындагы кезектеги XI сессиясынын №5 токтому менен Каныш-Кыя айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюму мекемелеринде тарбияланып жаткан балдардын тамак аш үчүн төлөмү 1600 (бир миң алты жүз) сомдон бекитилгени белгиленсин.
2.Каныш-Кыя айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюму мекемелеринде тарбияланып жаткан аярлуу катмарларга Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 14-беренесинин 5-пунктуна ылайык 1 (бир) балага тамак аш үчүн жалпы төлөмдүн 50 пайызы 800 (сегиз жүз) сомдон төлөнүп берилсин.
3.Каныш-Кыя айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюму мекемелеринде тарбияланып жаткан аярлуу катмарлардын эсеби жеринен барып тактоо Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу И.Нармырзаевге тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.М. Козубаев |