Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2026-жылдын 27-февралы №7
“Ак-Таш айылындагы эски мектептин имаратын айылдык маданият үйүнө которууга тийиштүү документтерин ырастоого макулдук берүү жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу И.Нармырзаевдин 2026-жылдын 25-февралындагы №01-18/683 чыгыш сандуу Ак-Таш айылындагы Усупбек уулу Кубатбек атындагы орто мектебинин эски имаратын Ак-Таш айылдык маданият үйү катары документтерди ырастап, баланска алуу боюнча кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Ак-Таш айылындагы Усупбек уулу Кубатбек атындагы орто мектебинин эски имаратын Ак-Таш айылдык маданият үйү катары документтерди ырастап, Ак-Таш айылдык маданият үйү катары баланска алынып пайдаланууга берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзамга ылайык убагында бүтүрүү боюнча иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу И.Нармырзаевге жана Ак-Таш айылдык маданият үйүнүн башчысы С.Султанбек уулуна тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.М. Козубаев |