Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2026-жылдын 27-февралы №8
““Кыргыз Почтасы” ачык акционердик коомунун Каныш-Кыя филиалынын сырткы бөлүгүн оңдоп түзөө жана Чакмак-Суу айылына заманбап кабель аркылуу интернет байланышын жеткирүү жөнүндө”
“Кыргыз Почтасы” ачык акционердик коомунун Ала-Бука филиалынын 2026-жылдын 25-февралындагы №01,4/4 чыгыш сандуу жана Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Ж.Сеңирбаевдин 2026-жылдын 30-январындагы Кл-11 чыгыш сандуу кайрылуусунун негизинде жазылган Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу И.Нармырзаевдин 2025-жылдын 27-февралындагы №01-18/696 чыгыш сандуу катында Каныш-Кыя айылынын борбордук көчөсүндө жайгашкан “Кыргыз Почтасы” ачык акционердик коомунун Каныш-Кыя филиалынын сырткы бөлүгүн заманбап оңдөп түзөөдөн өткөрүү Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык пакеттин эсебинен каржылоо боюнча жана 2026-жылдын 26-февралындагы №01-18/680 чыгыш сандуу Чакмак-Суу айылына заманбап кабель аркылуу интернет байланышын жеткирүү боюнча кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап жалпы депутаттардын сунушу менен Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык пакеттин эсебинен каржылоого жана Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоого Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айылынын борбордук көчөсүндө жайгашкан “Кыргыз Почтасы” ачык акционердик коомунун Каныш-Кыя филиалынын сырткы бөлүгүн заманбап оңдөп түзөөдөн өткөрүү жана Чакмак-Суу айылына заманбап кабель аркылуу интернет байланышын жеткирүү Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна жана мыйзамдуулугун кароо менен Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык пакеттин эсебинен каржылоого сунушталсын.
2. Каныш-Кыя айылынын борбордук көчөсүндө жайгашкан “Кыргыз Почтасы” ачык акционердик коомунун Каныш-Кыя филиалынын сырткы бөлүгүнүн абалы оңдоп түзөөгө муктаж экендиги, азыркы абалы райондун борборунун көркүн бузуп тургандыгы жана айыл өкмөттүн балансында болбогондуктан жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоого мыйзам жол бербегендиги жана Чакмак-Суу айылындагы “Ак-Шоола” мектепке чейинки билим берүү уюмунун мекемесинде, китепканасында, айыл башчынын канторасында интернет байланышы жок экендиги эске алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Төрага | М.М. Козубаев |