Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2026-жылдын 27-февралы №10
“Каныш-Кыя муниципалдык ишканасынын 2026-жылга жайыттарды башкаруунун ички жобосун, жайыт пайдалануучулар үчүн шарттуу мал башына болгон төлөмдүн өлчөмүн, иш планын жана 2026-жылга жайыт пайдалануудан түшкөн акча каражатынан киреше, чыгаша бөлүгүнүн сметасын жана 2026-2030-жылдарга карата жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүү планын бекитүү жөнүндө”
“Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасынын башчысы У.Орозбаевдин 26.02.2026-жылдагы №13 чыгыш сандуу 2026-жылга жайыттарды башкаруунун ички жобосун, жайыт пайдалануучулар үчүн шарттуу мал башына болгон төлөмдүн өлчөмүн, иш планын жана 2026-жылга жайыт пайдалануудан түшкөн акча каражатынан киреше, чыгаша бөлүгүнүн сметасын жана 2026-2030-жылдарга карата жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүү планын бекитип берүү үчүн жазган кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1.“Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга жайыттарды башкаруунун ички тартиби жөнүндө жобосу, жайыт пайдалануучулар үчүн шарттуу мал башына болгон төлөмдүн өлчөмү, 2026-жылга карата жайыттарды ар жылдык пайдалануу боюнча планы, 2026-жылга жайыт пайдалануудан түшкөн акча каражатынан киреше, чыгаша бөлүгүнүн сметасы жана 2026-2030-жылдарга карата жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүү планы бекитилсин.
2.Бекитилген пландын жана тиркемелердин негизинде элге туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, убагында мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасынын башчысы У.Орозбаевге жана жайыт адиси М.Алматовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айылдык кеңешинин Жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.М. Козубаев |