Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН V СЕССИЯСЫНЫН II КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 18-майы № 4
Ак-Муз айылындагы Ак-Муз өнүгүү Муниципалдык Ишканасынын 2023-жылы бекиген уставына толуктоо киргизүү жөнүндө
X - чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 2026-жылдын 5-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап, Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып Токтом кылат:
1. 2023-жылы бекитилген Ак-Муз өнүгүү Муниципалдык Ишканасынын уставына кошумча кылып киргизилсин.
9- пункт. Жайытты башкаруу багытында:
А. Жайыт пайдалануучулар менен эки тараптуу келишимдин негизинде иш алып барып, келишимдин негизинде төлөмдөрдү өз убагында төлөтүп жана жайыт пайдалануучулар менен жайыттын асылдуулугун төмөндөтпөстөн иш алып баруу;
В. Жайыт инфраструктурасын (жол, көпүрө ж.б) жакшыртуу боюнча иштерди алып баруу;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн соц адиси Ж.Тилегеновага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп ak-moyun.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысына жана өзүмө калтырам.
Төрага | Ж. Кайыпов |