Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН V СЕССИЯСЫНЫН II КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 18-майы № 5
Ак-Муз айылындагы Ак-Муз өнүгүү Муниципалдык Ишканасынын үрөн сактоочу кампанын кызмат көргөзүү тарифтерин жана иштөө тартибин бекитүү жөнүндө
X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 2026-жылдын 5-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап, Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып Токтом кылат:
1.Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Муз айылындагы үрөн сактоочу кампада, эгиндерди тазалоо, эгин сактоо жана эгиндерди майдалоо (дробилка ) кызмат көргөзүү тарифтери жана иштөө тартиби ;
- Эгиндерди тазалоо (арпа,сулуу ж.б.)1 кг – 1,80 сом.
- Адыратма тартуу 1 кг – 2 сом.
- Эгин сактоо 1 кг – 1 сом.
2. Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Муз айылындагы үрөн сактоочу , кампаны жеке жарандарга иштетүү үчүн 50гө-50%менен 3 тараптуу келишимдин негизинде өткөрүп берүү жана электр энергиясын дагы жеке жарандарга иштетүү үчүн 50-50% менен төлөө менен милдеттендирилсин .
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп ak-moyun.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысына жана өзүмө калтырам.
Төрага | Ж. Кайыпов |