Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV СЕССИЯСЫНЫН III КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 8-апрели № 1/2
2026-жылга Ак-Муз айылы боюнча жазгы айдап-себүү, оруп-жыюу бааларын жана малчылардын мал жандыктарын багуу баалары, жайыт акылардын баалары ошондой эле ички, ортоңку жана сырткы жайлоого көчүп, конуунун күнүн аныктап бекитүү жөнүндө
X -чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 6-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап, Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ак-Муз айылында 2026-жылга малчылардын мал жандыктарын багуу баалары, жайыт акылардын баалары төмөндөгүдөй бекитилсин.
1. Ак-Муз айылындагы техникалардын элге кызмат кылуу тарифи
- 1 га дың жерди айдоого 30л май, 2000сом, айдоо жерге 25л май, 1700с;
- 1 га жерди тырмоого 10л май 1000сом, 1 га жерди себүүгө 10л май, 800сом;
- 1 га жерди косилка менен чабууга 10л май, 800сом;
- 1 га жерди тырмоо 5л май, 1000 сом;
- 1 га жерди Ешка менен чабууга 10л май, 1500сом;
- 1 га жерди пресстетүүгө 10л май,1 боо пресс 10 сом;
- 1га эгин чабуу 4500сом, майы ичинде;
- 1 га жерге арык тартуу 3л май, эмгек акысы 200сом;
2. Ак-Муз айылында 2026-жылга малчылардын мал жандыктарын багуу баалары, жайыт акылардын баалары төмөндөгүдөй бекитилсин.
2.1. Мал баккан малчылардын ички жайытка көчүүсү 1-майынан, ортоңку жана сырткы жайлоого көчүү 10-июндан калбай көчүрүлсүн. Алыскы жайлоодон, ички жана ортоңку жайлоого 1-октябрдан кийин көчүп келсин. Эгерде ички жайытка 1-майдан, сырткы жайытка 10-июндан кеч көчкөн жана 1-октябрга чейин көчүп келген малчыларга же мал айдап келген мал ээлерине, күнүнө бодо малга 500 сомдон, майда кой, эчкиге 50 сомдон мал башына айып төлөнүп, кайра Ак Сай өрөөнүнө айдатылсын.
2.2. Баданы уюштуруу 1-майдан калбай колго алынсын. Саан уйдун арасында субай мал калтырууга жол берилбесин жана бадага чыккан уйлардын жайыт акысы уй ээлеринен өндүрүлсүн.
2.3. Ички жайыттагы жана сарайдагы калган малдын саны 2 (эки) ат, 5 (беш) уйдан ашпасын. 2 (эки) ат, 5 (беш) уйдан ашык алып калган мал ээлерине жана мал тыштаган жарандарга кой, эчкиге башына 60 сомдон, бодо малга ( жылкы, уй, топоз ) башына 500 сомдон айып пул салынсын .
2.4. Мал баккан малчыларга майда жандыктын башына айына 80 сом, бодо малдын башына айына 600 сомдон төлөнүп берилсин . Эгерде ушул көрсөтүлгөн баадан ашык ала турган болсо, патент, соц.төлөмдөрүн төлөсүн. Жайыт акы төлөмдөрү мал баккан малчыдан майда малдын туягына 20 сом, бодо малга 100 сом, кулун, музоого 70 сомдон төлөнсүн.
2.5. Кочкор, теке баккан малчы бир айга 350 сомдон мал башына төлөнүп берилсин, кочкор, текенин мал ээси өзү алмайынча 1-октябрга чейин таратылбасын жана жайыт акысы кочкорчудан өндүрүлсүн .
2.6. Айыл өкмөтүнүн каттоосунда жок сырттан келген малга жайкы жайыт акыга 3 эсе көбөйтүлүп төлөнсүн, майда малдын туягына 60сом. Бодо малга 300 сомдон, кулун, музоо, мамалакка 210 сомдон жайыт акы төлөнсүн. Жайыт акысы мал баккан малчыдан же мал ээлеринен өндүрүлсүн.
2.7. Ак-Муз айылында айыл чарба жерин коруу 2026-жылдын 1-майынан 1-октябрына чейин корулсун. Ошондой эле 1- майдан 1-октябрга чейин айыл чарба жерине түшкөн бодо малдын башына 500 сом, майда малга 50 сом айып пул төлөнсүн.
3.Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп ak-moyun.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин .
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысына жана өзүмө калтырам.
Төрага | Ж. Кайыпов |