Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV СЕССИЯСЫНЫН III КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 8-апрели № 3
Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү жамааттардын типтүү уставын бекитүү жөнүндө
X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 2026-жылдын 4-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап, Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып Токтом кылат:
1. Жергиликтүү жамааттарга усулдук жардам көрсөтүү, алардын ишмердүлүгүнүн уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекемдөө, жергиликтүү жамааттардын уставтарын, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 12-пунктун жетекчиликке алып. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү жамааттардын типтүү уставынын жобосу алымча-кошумчасы менен бекитип бергенге макулдук берилсин .
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп ak-moyun.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Досоевага тапшырылсын жана өзүмө калтырам.
Төрага | Ж. Кайыпов |