Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV СЕССИЯСЫНЫН III КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 8-апрели № 4
Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Муз, Ак-Моюн жана Бирлик айыл элдеринин курулуш иштерине шагыл, топурак алуу үчүн макулдук берүү жөнүндө
X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 2026-жылдын 4-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап, Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып Токтом кылат:
1.Бирлик айылынын эли үчүн Бирлик, Ак-Моюн жолунун жээгиндеги № 1198-контурда жайгашкан эски карьердин ордунан шагыл, топурак алганга макулдук берилсин .
2. Ак-Моюн айылынын эли үчүн Ак-Моюн айылындагы Боронду участкасынан № 493-414-контурда жайгашкан эски карьердин ордунан шагыл, топурак алганга макулдук берилсин.
3. Ат-Башы-Кында унаа жолунун боюндагы, Ак-Муз айылдарынын күн чыгышындагы № 847 контурда жайгашкан 1,6 га жер аянтынын ичинен 0,4 га жер аянтына кум-шагыл алууга, Булак аймагындагы №364-контурунда жайгашкан 1.2 га жер аянтынын ичинен 0.40 га жерден топурак алуу үчүн макулдук берилсин .
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп ak-moyun.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынна жана өзүмө калтырам.
Төрага | Ж. Кайыпов |