Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV СЕССИЯСЫНЫН III КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 8-апрели № 6
№20 жол тейлөө ишканасына Ат-Башы – Кында унаа жолуна асфальт-бетон төшөө жумуштарын жүргүзүүгө кум, шагыл алуу үчүн уруксат берүү жөнүндө
X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 2026-жылдын 4-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап, Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып Токтом кылат:
1.Ат-Башы-Кында унаа жолунун боюндагы, Бирлик, Ак-Моюн айылдарынын ортосундагы №1198 контурда жайгашкан 1,5 га жер аянтынын ичинен 0,2 га жер аянтына кум-шагыл алууга макулдук берилсин .
2. Ат-Башы-Кында унаа жолунун боюндагы, Ак-Муз айылдарынын күн чыгышындагы № 847 контурда жайгашкан 1,6 га жер аянтынын ичинен 0,4 га жер аянтына кум-шагыл алууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп ak-moyun.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынна жана өзүмө калтырам.
Төрага | Ж. Кайыпов |