Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 25-майы № 1
Чаек айыл аймагындагы айкелдерди орнотуу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине жана 51-беренесине ылайык Чаек айылынын Э.Матыев көчөсүндөгү айкелдерди Шортон айылындагы Ш.Исабекова атындагы эс алуу сейил багынын ичине орнотуу жөнүндө Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине жана 51-беренесине ылайык Чаек айылынын Э.Матыев көчөсүндөгү айкелдерди Шортон айылындагы Ш.Исабекова атындагы эс алуу сейил багынын күн чыгыш тарабындагы фонтандын жээгине төмөндөгү ырааттуулукта
сейил бактын кире беришинин оң жагына
1) Качыке баатыр
2) Байзак баатыр
3) Куйручук олуя
4) Калык Акыев
5)Кожомкул балбан
6) Сүйүнбаев Акматбек
7) Эгембердиев Зыфар
8) Рыскулов Муратбек
9) Өмүрканова Мыскал
10) Бейшеналиева Бүбүсайра
11) Иманбек уулу Жеңиш
сейил бактын кире беришинин сол жагына
12) Жаныбай Кожек уулу
13) Модубаев Исмаил
14) Ногойбаев Отунчу
15) Элебесов Абдынасыр
16) Мырзакматов Акун
17) Шаменалиев Абдыкары
18) Бокчубаев Тенти
19) Абдиев Рафхатбек
20) Сартбаев Рахматалы
21) Узагалиев Асыранбек
22) Асанов Жусуп
23) Тыналиев Карыбек
24) Карабаев Керимкул
орнотууга макулдук берилсин.
2. Ушул Айкелдердин ырааттуулугу жасалышына жараша өзгөрүшү мүмкүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |