Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 28-майы № 15
2026-жылдын 6 айлык бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы менен бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүү жана пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бекитилген бюджетинин 6 айлык аткарылышынын жыйынтыгынын негизинде бюджетте каралган, бирок толук пайдаланылбай калган акча каражаттарын муктаждыкка ылайык кайра бөлүштүрүү зарылдыгы келип чыккандыгын эске алып, ошондой эле Ат-Башы райондук прокуратурасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгынын негизинде Ат-Башы айылындагы «Мистекан» паркынын курулушуна өздүк салым катары мурда которулган 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты бюджетке кайра кайтарылгандыгы белгиленип, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бекитилген бюджетине 6 айлык тактоо жүргүзүлүп, Ат-Башы райондук прокуратурасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында Ат-Башы айылындагы «Мистекан» паркынын курулушуна өздүк салым катары которулуп, бюджетке кайра кайтарылган 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты (контролдук көзөмөл чараларын жүргүзүүдөн келип түшкөн - код 14311410) төмөнкү багыттарга бөлүштүрүлсүн жана пайдаланууга макулдук берилсин:
1) 5 бала бакча жана 4 мектептин Е-кызмат төлөмүнө – 24 050 сом;
2) 17 квартал башчыларынын эмгек акысына («Ат-Башы тазалык» МИ) – 204 000 сом;
3) Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин жылуулук системасын ремонттоого – 1 771 950 сом.
2. Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин ремонт иштерине каралган каражаттын пайдаланылбай калган 253 500 (эки жүз элүү үч миң беш жүз) сом 70921 бөлүгүндөгү 22211100 статьядан 31112390 статьяга кайра бөлүштүрүлүшүнө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
Төрага | У. Мелис уулу |