Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 28-майы № 17
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги №18-4 «Ат-Башы айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын базалык ченемдерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын 2026-жылдын 12-майындагы №01-09/445 сандуу катынын негизинде республика боюнча таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдарды эсептөө жана төлөө мөөнөттөрүн бирдиктүү тартипке келтирүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги №18-4 «Ат-Башы айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын базалык ченемдерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасындагы «жылдын 30-октябрына чейин төлөшсүн» деген сөздөр «жылдын 1-апрелине чейин төлөшсүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | У. Мелис уулу |