Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 28-майы № 18
2024-жылдын 30-апрелиндеги №18-6 “Салыктык эмес жыйымдарды чогултууда көмөк көрсөткөн квартал башчыларына айына чогултулган сумманын эсебинен 10 % бөлүп, сый акы катары төлөп берүү жөнүндөгү” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги №18-6 “Салыктык эмес жыйымдарды чогултууда көмөк көрсөткөн квартал башчыларына айына чогултулган сумманын эсебинен 10 % бөлүп, сый акы катары төлөп берүү жөнүндөгү” токтому иш жүзүндө аткарылбагандыгына жана колдонулбагандыгына байланыштуу, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды иретке келтирүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги №18-6 “Салыктык эмес жыйымдарды чогултууда көмөк көрсөткөн квартал башчыларына айына чогултулган сумманын эсебинен 10 % бөлүп, сый акы катары төлөп берүү жөнүндөгү” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
Төрага | У. Мелис уулу |