Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 28-майы № 20
«Ат-Башы Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтеринин прейскурантын бекитүү жөнүндө
«Ат-Башы Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору А. Бактыбек уулунун кызмат көрсөтүү тарифтерин кайра карап чыгуу жана жогорулатуу жөнүндө 2026-жылдын 18-майындагы №64 сунуш катын карап чыгып, акыркы мезгилде күйүүчү-майлоочу материалдардын баасынын жогорулашына, техникаларды оңдоо жана тейлөө чыгымдарынын өсүшүнө, ошондой эле кызмат көрсөтүүгө зарыл болгон материалдардын кымбатташына байланыштуу, ишкананын туруктуу ишин камсыз кылуу, техникаларды өз убагында тейлөө жана калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Ат-Башы Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыларынын прейскуранты 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген жаңы тарифтердин негизинде калкка үзгүлтүксүз жана сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу жагы «Ат-Башы Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-майындагы №8-9 “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыларын бекитүү жөнүндөгү токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кенештин бюджет, экономика жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
Төрага | У. Мелис уулу |
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин 2026-жылдын 28-майындагы
кезектеги XX сессиясынын
№20 токтомуна 1-тиркеме
«Ат-Башы Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акыларга прейскурант
№ | Техникалардын түрү | Рейс м/час | Катуу грунт | Кызмат акыдан куюлуучу май (сумма) | Жумуштун кыйынчылыгына | ||
1 | Экскаватор МТЗ | 1 м/час | 150 1 м³ | ---------- | 3-10% чейин кошулат | ||
2 | КаМаз | 1 рейс | 3000 | ---------- | 3-10% чейин кошулат | ||
3 | МТЗ 82 трактор | 1 рейс | 1800 | ---------- | 3-10% чейин кошулат | ||
4 | Мусор таштек | 1 рейс | 1800 | ---------- | 3-10% чейин кошулат | ||
5 | Погрузчик | 1 м/час | 4000 | ---------- | 3-10% чейин кошулат | ||
6 | Экскаватор HYUNDAI | 1 м/час | 200 1 м³ | ---------- | 3-10% чейин кошулат | ||
7 | Хово самосвал | 1 рейс | 5500 | ---------- | 3-10% чейин кошулат | ||
8 | Манипулятор | 1 м/час | 3000 м/час | ---------- | 3-10% чейин кошулат | ||
9 | Экскаватор КаМаз | 1 рейс | 3000 | ---------- | 3-10% чейин кошулат | ||
10 | Экскаватор Хово самосвал | 1 рейс | 5500 | ---------- | 3-10% чейин кошулат | ||
11 | Экскаватор HYUNDAI | 1 м/час | 4000 | ---------- | 3-10% чейин кошулат | ||
12 | Экскаватор HYUNDAI | 1 рейс | 1500-2000 | ---------- | 3-10% чейин кошулат | ||
13 | Экскаватор МТЗ | 1 рейс | 1500 | ---------- | 3-10% чейин кошулат | ||
“Ат-Башы Тазалык” МИнин директору: |
А. Бактыбек уулу |
| |||||