Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 28-майы № 21
“Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын техникалары үчүн 100 км аралыкка күйүүчү-майлоочу материалдардын чыгым ченемдерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын техникаларын натыйжалуу пайдалануу, күйүүчү-майлоочу материалдардын чыгымын тартипке келтирүү, бюджеттик каражаттарды үнөмдүү пайдалануу жана ишкананын 2026-жылдын 18-майындагы № 65 сунуш катынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан пайдаланылуучу техникалар үчүн 100 км аралыкка күйүүчү-майлоочу материалдардын чыгым ченемдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген ченемдердин сакталышын камсыз кылуу, күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепке алуу жана пайдалануу иштерин бекитилген ченемдердин негизинде жүргүзүү жагы “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын директоруна милдеттендирилсин.
3. Техниканын техникалык бузулуусунан, оор эксплуатациялык шарттардан же башка жүйөлүү себептерден улам бекитилген ченемдеги күйүүчү-майлоочу материалдар жетишсиз болгон учурларда, тиешелүү комиссия тарабынан акт түзүлүп, анын негизинде кошумча күйүүчү-майлоочу материалдарды бөлүп берүү маселеси каралышы мүмкүн.
4. Бекитилген ченемден ашыкча күйүүчү май сарпталган учурларда анын себептери кызматтык иликтөө аркылуу аныкталып, күнөөлүү адамдар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ат-Башы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
Төрага | У. Мелис уулу |
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин 2026-жылдын 28-майындагы
кезектеги XX сессиясынын
№21 токтомуна 1-тиркеме
“Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын техникалары үчүн 100 км аралыкка күйүүчү-майлоочу материалдардын чыгым ченемдери
№ | Техникалардын маркасы | Кыймылдаткычтын көлөмү | Цилиндрлердин саны | Кышкы мезгил (л/100 км) | Оор жүк менен (л/100 км) | Кадимки жүрүштө (л/100 км) |
1 | Хово самосвал | 10,0 | 6 | 50 | 48 | 45 |
2 | Hyundai Robex 140 | 3,9 | 4 | 17 | 17 | 15 |
3 | Донг Фенг манипулятор | 3,7 | 6 | 30 км/ч 12 м/ч | 30 км/ч 12 м/ч | 30 км/ч 10 м/ч |
4 | Донг Фенг мусоровоз | 3,2 | 4 | 28 | 27 | 25 |
5 | Хово мусоровоз | 3,7 | 4 | 28 | 27 | 25 |
6 | Трактор МТЗ | 4,8 | 4 | 20 | 22 | 15 |
7 | Трактор экскаватор | 4,8 | 4 | 20 | 22 | 15 |
8 | Камаз | 10,0 | 8 | 45 | 43 | 40 |
9 | Погрузчик | 3,0 | 6 | 27 | 30 | 25 |
10 | Газель бус - бензин | 2,7 | 6 | 18 | 18 | 15 |
Эскертүү: Донг Фенг манипулятор боюнча чыгым ченеми аралык жана сааттык иш режими боюнча колдонулат. Техниканын иштөө өзгөчөлүгүнө жараша эсепке алынат.