Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 28-майы № 23
Ат-Башы айыл аймагында «Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн» белгилөөгө арналган иш-чаралар
планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы «Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө» №40 жарлыгынын 3-бөлүмүн аткаруу максатында, ошондой эле Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоев тарабынан сунушталган (2026-жылдын 21-майындагы № 02-2/380 кат) демилгени карап чыгып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Ат-Башы айыл аймагында «Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн» белгилөөгө арналган иш-чаралар планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген иш пландагы иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айылдык кеңешинин жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | У. Мелис уулу |
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин 2026-жылдын 28-майындагы
кезектеги XX сессиясынын
№23 токтомуна 1-тиркеме
Ат-Башы айыл аймагында «Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн» белгилөөгө арналган иш-чаралар планы
№ | Аткарылуучу иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуу |
1 | “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн” белгилөөгө арналган иш-чаралар планын бекитүү | февраль-май | Р. Мусуралиев |
2 | Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2026-жылга белгиленген “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү” алкагында Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар, Ат-Башы жана Ача-Кайыңды айылдарында органикалык аймакты даңазалоого жана экологиялык таза тамак-аш маданиятын жайылтууга багытталган билим берүү мекемелери менен агартуу иш-чараларын өткөрүү. | апрель-сентябрь | Б. Кубанычбеков А. Жаныбек уулу С. Аттокурова Р. Мусуралиев |
3 | Дыйкан-фермерлер үчүн практикалык окуулар, тажрыйба алмашуу жолугушууларды жана органикалык ыкмаларды колдонуу боюнча консультацияларды уюштуруу. | убагында | С. Аттокурова Р.Мусуралиев |
4 | Органикалык экологиялык таза тамак-аш продукциясын өндүргөн дыйкан-фермерлерди даңазалап, сыйлоо. Ат-Башы айыл аймагында «Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн» белгилөө. | сентябрь-ноябрь | Б. Кубанычбеков А. Жаныбек уулу С. Аттокурова |
Башкы адис Р. Мусуралиев