Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-январы № 13/1
2026-жылдын 1-январына карата Сары-Булак айыл өкмөтүнүн эсеп счетунда бош калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2.2-пунктуна ылайык, Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетин аткарууда 01.01.2026-жылга карата бюджеттен 2 440 316 (эки млн төрт жүз кырк миң үч жүз он алты), бала бакчанын атайын эсебиндеги 12 550 (он эки миң беш жүз элүү) сом бош калган акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүмдөргө жана беренелерге бөлүштүрүлсүн:
№ | Берене | Аппарат | Бала бакча | Баары |
1 | 2215 | 435,8 |
| 435,8 |
2 | 3112 | 2004,5 |
| 2004,5 |
| Баары: | 2 440,3 |
| 2440,3 |
Атайын каражат | ||||
1 | 2218 |
| 12 250 | 12 250 |
2. Бош калган акча каражатты жогорудагыдай бөлүнүштө каржылап берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кочкор финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Бул каражаттын максаттуу чыгымдалышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулуна, айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Р. Калмамбетовага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин бюджет, экономика, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ч.Э. Бейшеев |