Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-январы № 13/2
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жыл үчүн муниципалдык кызматкерлеринин, контракт менен иштеген кызматкерлердин типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жыл үчүн муниципалдык кызматчыларанын, келишим менен иштеген кызматкерлердинтиптүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн финансыөэкономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Р. Калмамбетованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жыл үчүн муниципалдык кызматчыларынын, келишим менен иштеген кызматкерлердинтиптүү түзүмү жана штаттык саны төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- 1 штат - айыл өкмөтүнүн башчысы
- 1 штат – айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы
- 1 штат - бөлүм башчы
- 3 штат - башкы адис
- 2 штат - жетектөөчү адис
- 1 штат - адис
- 2 штат - техникалык тейлөөчү кызматкер
- 1штат - кенже тейлөөчү кызматкер.
Баары: 12 штат.
Келишимдик негизде иштеген кызматкерлер - 28,9 сом менен;
- 2 штат – айыл башчылар (Ак-Кыя,Төлөк )
- 2 штат - аскердик эсепке алуу столунун инспекторлору
- 1штат - кирешелер жана турак-жай боюнча адис
- 2 штат - окуучуларды ташыган автоунаанын айдоочусу (Ак-Кыя-28,0 Төлөк-21,0) сом менен;
- 0,25 штат - кароолчу -7,0 сом менен;
- 1 штат - статитикалык маалыматтарды жыйноо, экономист-статист (делегир-28.9) сом менен
Жыйынтыгы: 20 штат.
2. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларнын штаттык ыраттамасы 717 225 (Жети жүз он жети миң эки жүз жыйырма беш) сом менен бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | Ч.Э. Бейшеев |