Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-январы № 13/5
Сары-Булак айыл аймагынын аймагында
Кыргыз Республикасынын «Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 10-декабрь 2025-жылдагы «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» №795 токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулунун сунушун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо тартиби иштелип чыгып, бекитилсин.
2. Айыл аймагынын аймагында Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарды камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбай уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Ч.Э. Бейшеев |