Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-январы № 13/6
Зоналдык коэфицентти (К3) бекитип
берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинин» 388-беренесин жана 404-беренесинин 4-пункттун жетекчиликке алып, Сары-Булак айыл аймагынын аймагындагы турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, калктуу конуштардын жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору үчүн зоналдык коэфиценттин өлчөмүн белгилөө максатында айыл өкмөтүнүн таштанды, ичүүчү таза суу жана ирригация маселелери боюнча жетектөөчү адиси
М. Жумалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Сары-Булак айыл аймагынын аймагындагы турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, калктуу конуштардын жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору үчүн зоналдык коэфицент (К3) 1,8 өлчөмүндө бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ч.Э. Бейшеев |