Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-январы № 13/7
Сары-Булак айылына «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомунун почта бөлүмүн курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 18-беренесинин 4-пунктунун негизинде айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, турак-жай, коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик, агрардык жана айыл чарбасы маселелери боюнча жетектөөчү адиси Ж. Өзүбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Айыл аймагынын аймагындагы Сары-Булак айылынын күн батыш тарабынан Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун түндүгүндөгү контуру №1801 жалпы аянты 4,22 га калктуу конуштун жерине кирген участоктон «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомунун почта бөлүмүн курууга 0,08 га жер аянтына макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жер аянтын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, турак-жай, коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик, агрардык жана айыл чарбасы маселелери боюнча жетектөөчү адиси Ж. Өзүбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер, жайыт, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, трансорт жана экология, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ч.Э. Бейшеев |