Редакцияот 27.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 27-январы  № 13/9

 

Сары-Булак айыл аймагындагы көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 19-август 2025-жылдагы  №502 токтомуна ылайык, Сары-Булак айыл аймагында иштелип чыккан «Сары-Булак айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө» жобону      бекитүү максатында Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

           1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 19-август 2025-жылдагы №502 токтомуна ылайык, Сары-Булак айыл аймагында иштелип чыккан «Сары-Булак айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө» жобосу  бекитилсин.

 

             2. Сары-Булак айыл аймагынын аймагында көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, иш алып баруу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, веб-сайтка жарыялоо жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы Н. Керимкуловго тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

Ч.Э. Бейшеев