Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ ЧОГУЛУШТУН II СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 31-марты № 2/1
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджеттик каражаттарынын эсебинен дем берүүчү грантка тапшырылган долбоорлордун өздүк салымдарына акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 2- сессиясы ТОКТОМ кылат:
1.Кара-Бүргөн айыл аймагынын Жаңы-Тилек айылындагы “Нур Ал” бала-бакчасы жана К.Рыскулов атындагы клуб жайгашкан имаратты үлүштүк (дем берүүчү) грант аркылуу капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн, өздүк салым катары 2026-жылдагы бюджеттик каражаттын эсебинен 1 205 185 (бир миллион эки жүз беш миң бир жүз сексен беш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2 Кара-Бүргөн айылынын Т.Кыдыршаев көчөсүнүн №1 бөлүгүн (646–1292 м) үлүштүк (дем берүүчү) грант аркылуу капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү (асфальттоо) үчүн, өздүк салым катары 2026-жылдагы бюджеттик каражаттын эсебинен 1 017 117 (бир миллион он жети миң бир жүз он жети) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Кара-Бүргөн айылынын Т.Кыдыршаев көчөсүнүн №2 бөлүгүн (0–646 м) үлүштүк (дем берүүчү) грант аркылуу капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү (асфальттоо) үчүн, өздүк салым катары 2026-жылдагы бюджеттик каражаттын эсебинен 1 995 494 (бир миллион тогуз жүз токсон беш миң төрт жүз токсон төрт) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Ак-Чий айылынын Уста Турдуке көчөсүнүн №1 бөлүгүн (883–1000 м) үлүштүк (дем берүүчү) грант аркылуу капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү (асфальттоо) үчүн, өздүк салым катары 2026-жылдагы бюджеттик каражаттын эсебинен 421 597 (төрт жүз жыйырма бир миң беш жүз токсон жети) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Ак-Чий айылынын Уста Турдуке көчөсүнүн №2 бөлүгүн (0–863 м) үлүштүк (дем берүүчү) грант аркылуу капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү (асфальттоо) үчүн, өздүк салым катары 2026-жылдагы бюджеттик каражаттын эсебинен 2 667 701 (эки миллион алты жүз алтымыш жети миң жети жүз бир) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булагына жарыялансын.
8.Токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Кемелов |