Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ ЧОГУЛУШТУН III СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 21-апрели № 3/2
Кара-Бүргөн айыл аймагынын 2026-жылга карата жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жылдык планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы №301 токтомуна ылайык, жайыттарды туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу, жайыт ресурстарын коргоо, деградацияга жол бербөө жана натыйжалуу башкаруу максатында Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1.Кара-Бүргөн айыл аймагынын 2026-жылга карата жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жылдык планы (мындан ары – Жылдык план) бекитилсин (тиркемеге ылайык).
2.Жайыттарды пайдалануу планына ылайык жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу, жайыт жүктөмүн сактоо жана коргоо чаралары камсыздалсын.
3.Кара-Бүргөн айыл аймагынын “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасына бекитилген планга ылайык иш алып баруу, жайыт акысын чогултуу жана максаттуу пайдалануу, жайыттардын абалы боюнча жылдык маалымат берүү милдеттендирилсин.
4.Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө жана Кадайң-Майстан муниципалдык ишканасына төмөндөгүлдөр милдеттендирилсин:
-бекитилген Жылдык планды сапаттуу жана өз убагында ишке ашырууну камсыз кылуу;
-жайыттардын абалын жакшыртуу, алардын деградациясын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
-жайыт инфраструктурасын (жайыт жолдору, суу булактары, көпүрөлөр жана башка объекттер) өнүктүрүү боюнча чараларды көрүү;
-жайыт пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.
-жайыттарды пайдаланууну координациялоо жана жөнгө салуу;
-жайыт билеттерин берүү тартибин камсыз кылуу;
-жайыт пайдалануунун эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө;
-жайыттардын абалы боюнча туруктуу мониторинг жүргүзүү.
5.Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Кемелов |
Бекитилди Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 3-сессиясынын № 3/2 токтому менен 21-апрель 2026-жыл _________________________
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН НАРЫН ОБЛУСУНУН АК-ТАЛАА РАЙОНУНУН КАРА-БүРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫ
КАРА-БүРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН 2026-жылга карата жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жылдык планы
Ак-Чий айылы, 2026-жыл |
1. 2026-ЖЫЛГА КАРАТА ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА ЖЫЛДЫК ПЛАНЫ.
Учурда жылдан-жылга климаттын өзгөрүүсүнөн улам кургакчылык болуп, кунарсыз аянттардын саны көбөйүүдө. Буга кошумча жылдан-жылга малдын санынын өсүшү дагы таасирин тийгизип келет. Бирок, көпчүлүк фермерлер сапатына эмес санына карап мал багып келүүдө. Мунун баары жайыт жерлеринин арыкташына алып келип жана буга кошумча чыгымдар дагы көбөйүп, фермерлердин кирешелери төмөндөөнүн гана үстүндө. Сапаттуу асыл-тукум малдын башын көбөйтүү жана анын пайдасы боюнча конкреттүү түшүндүрүү иштери, семинарлар, окуулар кайсы бир максаттуу тараптар аркылуу өткөрүлбөй, элге толук маалыматтар берилбей келет. Бул маселени чечүүдө учурда кунарсыз аянттарга жайыт чөптөрүнүн уруктарын себүү иштери толук кандуу колго алынбай, тийиштүү денгээлде уруктар себилбей жана жылда пайдалунуучу жайыт жерлерин которуштуруп пайдалануу иштери талаптагыдай аткарылбай келүүдө.
Жайыттарды башкарууда жана пайдаланууда негизинен жайыт инфраструктурасын жакшыртуу максатында атайын жетиштүү өлчөмдө акча каражатынын бөлүнбөшү. Ички жана сырткы жайыттарга баруучу жолдордун жана көпүрөлөрдүн абалдарынын начардыгы, жоктугу болуп келет. Булактын көздөрүн ачуу менен мал сугаруучу жайларды уюштуруу, малдын саламаттыгы жаатында тийиштүү дегээлде иш алып баруу ж.б.у.с көйгөйлөр бар. Жайыттарды башкарууда жана пайдаланууда атайын керектүү спецтехникалардын жоктугу. Муниципалдык ишкананын жайыттар боюнча иш алып барган адистерине окутууну уюштуруу жана иштерине зарыл болгон керектүү оргтехникалар менен камсыз кылуу.
СУНУШТАР:
2. -Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жаны түзүлгөн муниципалдык ишканынын тиешелүү адистерин төмөндөгү багыттарда окутууну уюштуруу:
3. -Жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын түзүү;
4. -Жайыттарды башка максаттарда башкаруу жана пайдалануу планы;
5. -Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү ыкмалары;
6. -Бюджетти пландоо;
7. -Талаш-тартыш маселелерин алдын алуу иш-чаралары;
8. -Сандан сапатка өтүү максатында асыл-тукум малдын башын көбөйтүүнүн жолдору;
9. -Жайыт жерлерин пайдаланууда өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонууну өздөштүрүү;
10. -Жайыт жерлерин эс алдыруу, которуштуруу, көчүп-конуу иштерин уюштуруунун тартиби;