Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ ЧОГУЛУШТУН III СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 21-апрели № 3/4
Кара-Бүргөн айылына спорт комплекс куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамын жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча айылдык кеңештин ыйгарым укуктарын жетекчиликке алып, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1.Кара-Бүргөн айылындагы №2010 контурундагы, 4-01-04-1001-0348 кодунда жайгашкан механикалык парктын аймагынан 2000 кв.м өлчөмүндө жер аянты спорт комплекс куруу максатында бөлүнүп берилсин.
2.Бөлүнүп берилген жер аянты муниципалдык менчикте калтырылсын жана белгиленген максатта пайдаланылсын.
3. Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө төмөндөгүлөр тапшырылсын:
--- жер аянтын белгиленген тартипте ченеп-аныктоо иштерин жүргүзүүнү уюштуруу;
--- тиешелүү жер-укуктук документтерди даярдоо жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү;
--- шаар куруу жана архитектура талаптарын сактоо менен курулуш иштерин уюштуруу чараларын көрүү;
4. Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2026-жылдын 27-январындагы №1/5 токтому Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесине ылайык күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булагына жарыялансын.
7. Токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
9.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Кемелов |